Буу кемеси
Буу кемеси, пароход буу – кыймылдаткычы (буу машинасы же бара) менен кыймылга келип, өзү жүрүүчү кеме; баралуу буу кемеси бара жүргүчтөр (турбоход) деп да аталат. Ал буу машинасы ойлоп табылгандан кийин курулган, бирок 19-кылымдын башында гана колдонула баштаган. Алгачкы «Клермонт» буу кемесин Түндүк Америкада 1807-ж. Р. Фултон курган. Россияда алгачкы «Елизавета» буу кемеси 1815-ж. Петербург менен Кронштадттын ортосунда каттаган. Азыркы өзү жүрүүчү кеменин негизги түрү теплоход, ал негизинен ичинен күймө кыймылдаткыч менен жүрөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4