Бухара кабаттары

Википедия дан

Бухара кабаттары - Алай, Чоң Азай кырка тоолорунда жана Фергана өрөөнүндө кезиккен палеоген мезгилинин башталышында пайда болгон чөкмө тоо тек катмарлары.

1947-ж. О. С Вялов буларды өз алдынча геологиялык кабат деп бөлүүнү сунуш кылган. Алай жана Чоң Алай кырка тоолору негизинен аки таш тегинен турат, айрым жерлерде гипс, аки таштуу чопо бар. Фергана өрөөнүндө алардан башка доломит; кош симметриялуу жана өөк буттуу үлүлдөрдүн ташка айланган калдыктары кездешет. Бухара кабаттарынын калыңдыгы 20-40 м, айрым жерлерде 78 м ге жетет. Кээ бир жердеги Бухара кабаттарында нефть кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.