Кристиан Бейл

Википедия дан
Бэйл, Кристиан‎»‎ барагынан багытталды)
Кристиан Бейл
Christian Bale

Кристиан Бейл 2009 жылы.
Төрөлгөндөгү ысымы:

Кристиан Чарльз Филип Бейл

Туулган датасы:

30 -январь 1974(1974-01-30) (50 жаш)

Туулган жери:

Пембрукшир, Уэльс, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

АКШ жана Улуу Британия актеру

Карьерасы:

1983 — азыркы убакка чейин

Сыйлыктары:

«Оскар» (2011)
«Алтын глобус» (2011)

IMDb:

ID 0000288

Кристиан Чарльз Филип Бейл (англ. Christian Charles Philip Bale; (30.1.1974), Пембрукшир, Уэльс, Улуу Британия) — британдык киноактёр теги Уэльстен,[1]. Ал блокбастер тасмаларында жана көз карандысыз режиссерлор менен кино студияларынын кичинекей долбоорлорунда роль аткарган.

2010-жылы американын жарандыгын алган. «Алтын глобус» жана «Оскар» сыйлыктарынын лауреаты, номинациялары «Экинчи пландагы мыкты эркектин ролу» «Аскер» тасмасы үчүн. Кеңири Кристофер Ноландын культтук Бэтмен трилогия кинотасмасындагы ролу менен белгилүү.

К. Бэйл Стивен Спилбергдин "Күн империясы" (англ. Empire of the Sun, 1987) тасмасына 13 жашында тартылган мезгилден баштап элдин назарына түшкөн. Жеймс Баллардын романынын негизинде тартылган америкалык көркөм фильмде К. Бэйл Дүйнөлүк экинчи согушта ата-энесинен бөлүнүп, жапон жергесиндеги күч менен кармалып калгандардын лагерине туш болгон бай британиялык үй-бүлөнүн баласынын ролун аткарган. 2000-жылы "Америкалык жинди" (англ. American Psycho) тасмасындагы канкор Патрик Бейтмендин ролу көптөгөн жакшы пикирлерге ээ болгон. "Машинист" (англ. The Machinist) психологиялык триллеринде Тревор Резниктин ролун аткаруу үчүн 28, 5 килограммга арыктаган. Актер кинодогу ролдорун мыкты аткаруу үчүн көп нерсеге даяр экендиги менен элдин эсинде калган.

К. Бэйл Кристофер Нолан тарткан "Бэтмен: башталыш" (англ. Batman Begins (2005), "Кара рыцарь" (англ. The Dark Knight, 2008) жана "Кара рыцардын кайтып келиши" (англ. The Dark Knight Rises, 2012) тасмаларындагы ролдору үчүн жакшы акы алган. Дэвид О. Расселл тарткан "Балбан" (англ. The Fighter, 2010) тасмасындагы Дикки Эклунддун ролу кино көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, бир нече сыйлыктарды алып келген. Ушул эле ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын уткан. Дэвид Оуэн Расселл тарткан “Америка аферасы” (American Hustle, 2013) жана Адам Маккей тарткан "Каржы кризиси" (The Big Short, 2015) тасмаларындагы ролу коомчулуктун кызыгуусун арттырып, актер "Оскар" сыйлыгына, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына жана "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.


Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кристиан Бейл 1974 жылы 30 январда Уэльстин батышында, Пембрукширде англис үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энесинин (атасы — жарандык авиации пилоту, энеси — цирк артисткасы ) кесиптеринен улам[2][3][4][5], үй-бүлө жашоо жерин көп алмаштырышат, Бейла балачагы Улуу Британия, Португалия жана АКШдагы Калифорния штатында өтөт.[6]

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейл өзүнүн актердук карьерасын тогуз жашында баштайт, 1983 жылдары британ телевидениесинин социалдык ролигинде баштап. Жыл өткөн соң Бейлдин «Ботаник» (The Nerd) спектаклинде театралдык дебюту болот, ал атактуу комик Роуэн Аткинсон бирге ойнойт[7]. Бейлдин чоң кинодогу дебюту советтик-скандинавиялык менен биргеликтүү «Мио, мой Мио» (1987) тасмасындагы ролу болот. Бул тасмада Астрид Линдгрендин бала жомогунун мотивинен алынган Владимир Грамматиков койгон, жаш актер башкы каармандын досу, Юм-юманы ойнойт.

Дүйнөлүк атактуулук Бейлге 1987 жылдын аягында ал катышкан Стивен Спилбергдин драмасы «Күн империясы» экинчи тасмасынан келет.[8] Джеймс Балларддын автобиографиялык романын негизинде тартылган тасмада, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япониянын армиясы менен оккупацияланган Кытай жеринде болот. Бейлдин каарманы - ата энеси менен Шанхайда жашаган англиялык жаш бала, - согуш башталгандан кийин япониянын концентарцияланган азаптуу лагериндеги шартка туш болуп калат. Бейл АКШ улуттук кинокритика кеңешинен «Жаш актердун укмуштуу иши» наамын алат, бирок ал күтүлбөгөн даңкты оор көтөрүп, кинодон бираз убакытка четтеп кетет.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992 жылдан баштап Бейл Лос-Анджелесте жашап атат[9].

200 жылдын 29 январынан баштап Сандрой «Сиби» Блажич (Sandra «Sibi» Blažić) менен нике курган. 2005 жылдын 27 мартында алардын кызы төрөлгөн, ысымын Эммелин[10][11][12] койушкан.

Анын ыраматылык атасы сыяктуу, Кристиан жаратылыш коргоо группаларын активдүү колдоп турат, алардын ичинде Гринпис жана Дүйнөлүк жапайы жаратылыш кору.[13]

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл Орусча аталышы Нукура аталышы Каарман
1986 Анастасия: Тайна Анны (ТВ) Anastasia: The Mystery of Anna Цесаревич Алексей
1987 Мио, мой Мио Mio min Mio Юм-Юм
1987 Империя солнца Empire of the Sun Джим Грэм
1989 Генрих V Henry V Мальчик
1990 Остров сокровищ (ТВ) Treasure Island Джим Хокинс
1991 Убийство по-джентльменски (ТВ) A Murder of Quality Тим Перкинс
1992 Продавцы новостей Newsies Джек Келли
1993 Свингеры Swing Kids Томас Бергер
1994 Принц Ютландии Prince of Jutland Амлед
1994 Маленькие женщины Little Women Лори
1995 Покахонтас (анимационный) Pocahontas Томас (голос)
1996 Секретный агент The Secret Agent Стиви
1996 Портрет леди The Portrait of a Lady Эдвард Розьер
1997 Метролэнд Metroland Крис
1998 Бархатная золотая жила Velvet Goldmine Артур Стюарт
1998 Все маленькие животные All the Little Animals Бобби Платт
1999 Сон в летнюю ночь A Midsummer Night’s Dream Деметрий
1999 Мария, мать Иисуса (ТВ) Mary, Mother of Jesus Иисус из Назарета
2000 Американский психопат American Psycho Патрик Бэйтмен
2000 Шафт Shaft Уолтер Уэйд
2001 Выбор капитана Корелли Captain Corelli’s Mandolin Мандрас
2002 Лавровый Каньон Laurel Canyon Сэм
2002 Власть огня Reign of Fire Куинн
2002 Эквилибриум Equilibrium Клерик Джон Престон
2004 Машинист The Machinist Тревор Резник
2005 Бэтмен: Начало Batman Begins Брюс Уэйн / Бэтмен
2005 Крутые времена Harsh Times Джим Дэвид
2005 Новый свет The New World Джон Рольф
2006 Спасительный рассвет Rescue Dawn Дитер
2006 Престиж The Prestige Альфред Борден/Фэнлон
2007 Меня там нет I’m Not There Боб Дилан/Джон/Джек
2007 Поезд на Юму 3:10 to Yuma Дэн Эванс
2008 Тёмный рыцарь The Dark Knight Брюс Уэйн/Бэтмен
2009 Терминатор: Да придёт спаситель Terminator: Salvation Джон Коннор
2009 Джонни Д. Public Enemies Мелвин Пёрвис
2010 Боец The Fighter Дикки Эклунд
2011 Цветы войны The Flowers of War Джон Миллер
2012 Тёмный рыцарь: Возрождение легенды The Dark Knight Rises Брюс Уэйн / Бэтмен
2013 Из пекла Out of the Furnace Рассел Бейз
2013 Untitled Terrence Malick Project TBA[14]
2014 Последняя фотография The Last Photograph TBA[15]
2014 Рыцарь кубков Knight of Cups Рик[16]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Christian Bale: American Psycho. IMDB News. — «I was born in Wales but I'm not Welsh – I'm English»  Текшерилген күнү 21 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2012.
  2. «Christian Bale Biography (1974-).» FilmReference.com.
  3. Rourke, Mary. Activist David Bale had commitment to Africa, The Seattle Times (4 January 2004). Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2008.
  4. von Zielbauer, Paul. David Bale, 62, Activist and Businessman, Dies, The New York Times (1 January 2004). Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2008. Калып:Dead link
  5. Serpe, Gina. Christian Bailed Over Alleged Assault; Denies Wrongdoing (22 July 2008). Текшерилген күнү 26 -сентябрь (аяк оона) 2011.
  6. 60 SECONDS: Christian Bale | Metro.co.uk. Текшерилген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 14 -май (бугу) 2011.
  7. Kamarauskas, K. Christian Bale profile at Thespian Net
  8. BBC Wales – Arts – Christian Bale. BBC Wales. BBC. Текшерилген күнү 13 Апрель 2009. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2012.
  9. Hoad, Phil. Dark Star, The Guardian (5 June 2005). Текшерилген күнү 13 Апрель 2009.
  10. Singh, Anita. Christian Bale — profile, The Daily Telegraph (23 July 2008). Архивировано из первоисточника 28 -июль (теке) 2008. Текшерилген күнү 13 Апрель 2009.
  11. Bale Becomes a Father. Wenn. IMDB.com (29 March 2005). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2012.
  12. McLean, Craig. Suit yourself, mate, The Age (29 May 2005). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2008.
  13. «Batman Begins.» Archived 2008-02-10 at the Wayback MachineКалып:Dead link Christian Bale — An Unofficial Appreciation, March 2005, retrieved on 15 May 2006.
  14. Nicholson, Max How Terrence Malick Retitled Lawless. IGN. News Corporation (23 March 2012). Текшерилген күнү 4 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  15. The Last Photograph (2014). AllMovie. Rovi Corporation. Текшерилген күнү 5 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  16. Knight of Cups (2014). AllMovie. Rovi Corporation. Текшерилген күнү 5 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2012.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]