Бюджетти бөлүштүрүү

Википедия дан

Бюджетти бөлүштүрүү - Төмөн жактагы маалыматтар 2010-жылга чейинки ресурстук бөлүштүрүүнү белгилейт.

Алар салык саясатындагы өзгөрүүлөр мезгилинде бюджеттин бул булагы кеңейүү менен көлөмү өсө тургандыгын камтыйт. Андан тышкары, кезектеги ресурстардын жана өнүгүү бюджети менен жеке инвестициялардын салыштырма өзгөрүшүн мүнөздөйт. Келечекте экономиканын өсүшү негизинен жеке инвестицияларды көбөйтүүгө салмагын салат.

Сырткы карыздардын деңгээлинин жогорулугу бюджеттин тартыштыгын акырындык менен кыскартууну мажбурлоодо. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2000-ж. ИДПга карата 8,9% түзгөн болсо, 2001-ж. ал көрсөткүч - 5,5%ке чейин, 2004-ж. - 3,0 жана 2010-ж. - 1,2%ке чейин төмөндөгөн. Бюджеттин тартыштыгын мындай кыскартуунун негизги максаты, жеке секторго өсүштүн финансылык эркиндигин көбүрөөк берип, алардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтпөй кармап калууда турат. Ошол эле учурда мамлекеттик керектөөлөр 2010жылга ИДПнын 13,4%ке чейин көтөрүлөт.

Бул мамлекеттин билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо боюнча милдеттерин жигердүү аткарууга негиз болот. Бюджеттин тартыштыгын кыскартуу өкмөт тарабынан салыкты реформалоо, аны жыйноону жакшыртуу менен бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана негизсиз жеңилдиктерди жоюу, элдин жакыр катмарына социалдык жактан коргоону адрестүү жасоо жолу менен бюджеттик чыгымдарды азайтуу ыкмалары менен жетишилмекчи.

Ошентип, республикалык бюджеттин финансылык ресурстарынын негизги көлөмү кезектеги мамлекеттин ички чыгымдарына жумшалып, экономиканын өсүш милдеттери жеке менчик секторуна акырындык менен ыйгарылууга багыт алынды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9