Бюджет тутуму

Википедия дан

Бюджет тутуму — өлкөнүн бардык бюджеттеринин жыйындысы. Коомдун саясий түзүлүшүнө жана мамлекеттин экономикалык тутумуна, анын административдик-аймактык бөлүнүшүнө негизделет. Бюджет тутумунун түзүлүшүнүн социалдык-экономикалык жана уюштуруу принциптери, анын түзүмү, ага бириктирилүүчү бюджеттердин өз ара байланышы өлкөнүн бюджеттик түзүлүшүн мүнөздөйт. Бюджет тутуму эки же үч звенодон турушу мүмкүн. Бирдиктүү (бириккен) мамлекеттерде борбордук жана жергиликтүү бюджеттер, федеративдүүдө орто звено федерация мүчөлөрүнүн бюджети болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]