Бүтүн рационалдык функция
Бүтүн рационалдык функция – көп мүчө. Мисалы, y=a0xn+a1xn-1+...+an1x+an түрүндөгү функция, мында a0, a1, ..., an чыныгы же комплекстик сандар, x өзгөрмө чоңдук. Бүтүн рационалдык функциянын маанисин х тин каалаган маанисинде жөнөкөй арифметикалык амалдар (кошуу, кемитүү, көбөйтүү) аркылуу табууга болот. a0, a1,a , x=z комплекстүү болгон учурда, бүтүн рационалдык функция анализдик функция болот, башкача айтканда бүтүн функция болуп калат. Эки бүтүн рационалдык функциянын айырмасы, суммасы жана көбөйтүндүсү кайра эле бүтүн рационалдык функция болот. Алар айрым татаал функциянын маанисин жакындатып табууда кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4