Бөйрөк булак

Википедия дан

Бөйрөк булак – байыркы түрк тилинде рун алфавити менен жазылган жазуулар табылган жер. Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун этегинде жайгашкан. Жазуунун бири колуна куш кондурган, калпак кийген атчан жоокердин сүрөтү, каркыра, аңыр сымал куштардын ташка чегилген сүрөттөрү менен коштолгон. Сүрөт композициясынын жалпы узундугу 3,80 м. Атчан жоокердин сүрөтүнүн бийиктиги 1,80 м. Ушундай көлөмдүү сүрөттөр о. кылымдагы түрк тилинде сүйлөгөн калктардын маданиятында чанда кездешет. Жазуунун окулушуна караганда бул 8-кылымдагы он ок элинин башкаруучусу Адыктын (Азык) атынан жазылган. Бөйрөк булак археологиялык эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев жана Т. Абдыкеев тарабынан табылып, изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]