Бөкөшов Жамгырбек
Бөкөшов Жамгырбек (1954-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул району, Үч-Терек айылы) – философия илимдеринин доктору (1992), профессор (1993). КМУнун филология факультетин (1977), юриспруденция магистратурасын (1999) бүтүргөн. 1977–78-жылдары Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор, 1981–92-жылдары КМУда окутуучу, улук окутуучу, социологиялык изилдөө жетекчиси, доцент, проректор, 1992–95-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун проректору, КРдин Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995–2000). 2000–05-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору. 2005-жылдан Чүй университетинин 1-проректору, Социалдык-саясий технологиялар институтунун директору. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору. «Даңк» медалы менен сыйланган. Эмгектери: Таанып-билүүнүн табышмактары. Ф., 1988; Истоки и горизонты познания. Жалал-Абад, 2001; Философия жана адабият. Жалал-Абад, 2002.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4