Бөрү, эпостогу мааниси

Википедия дан

Бөрү — тотемдик жаныбар. Дүйнөлүк эпостордун салтында болочок баатыр эрдик иштерге алгач киришерде кандайдыр бир укмуштуу колдоочуга кезигип, кеп-кеңешин угуп, өзүнүн келечектеги баатырдык иштерине керектүү жараак-жабдык жана башкалар буюмдарды алгандыгы айтылат. Салттык ушул көрүнүштүн айрым элементи ''Манас'' эпосунда сакталган. Сагымбай Орозбак уулунун жана ага жакын турган варианттарда Манас бала кезинде өтө тентек чыгып, атасы аны тарбиялоо максатында Ошпур деген койчусуна жиберет. Манас Ошпурдун баласы менен козу кайтарып жүрүп өзүнүн келечектеги колдоочусуна кезигет. Эпосто мифтик колдоочу Б-нүн бир козуну «Көтөргөн бойдон тоодон ашып кеткени» (Сагымбай Орозбаков, 1. 112) баяндалат. Козуну көтөрө качкан Көк-Бөрүнү кууп, Манас асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Үңкүрдөн кырк кишиге жолугат. Алар өздөрүн кырк чилтенбиз деп тааныштырат. Манас чилтендерден Б-нү сурайт. Кырк чилтендин башчысы козуну алып келген Б-нү бала Манаска тааныштырып:

Кубалап келген Карышкыр,

Кыяматтык досуң деп.

Манас тура жолборсум,

Кыямат кайым болгуча

Сага кошкон жолдошум.

Атышам деген душмандын

Артыңдан ээрчип жүрөт деп,

Кабарын билип келет деп,

Көсөө куйрук,, көк даңгыт

Көт жагыңдан жүрөт деп,

Кыйкырсаң мурун кирет деп (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фонду, 551-инв., 72-б.), Манаска кеңеш айтып көздөн кайым болот. Эпостун согуш окуяларында Манас баатыр душмандары менен салгылашкан учурда аны коргогон мифтик (тотем) жаныбарлар сыяктуу Б-нүн да колдоосуна ээ. Демек, эпостогу Б-нүн эпикалык образынан анын тотем жаныбар экени сезилип турса, экинчи жагынан Б-нүн тотемдик образы мусулмандашкан чыгыш элдеринин мифологиясындагы Кырк чилтен, Кызыр Иляс жана башкалар диний кейипкерлер менен алмашылган. Манасчынын Б-нү кубулуп жүргөн кырк чилтендин бири, аны Кызыр Иляс Манасты колдоочу-жолдош кылып берген деп түшүндүрүшү ислам динине байланыштуу кийин киргизилген кошумча. ''Манас'' эпосундагы «атышам деген душмандын, кабарын билип келүүчү», «бет алышкан душманга, кыйкырса мурун кирүүчү» көсөө куйрук Көк-Бөрүнүн эпикалык образы түрк-моңгол элдеринин санжыра-уламыштарында айтылган тотем-бөрү (мисалы, Ак-Бөрү) менен үндөшкөн генетикалык байланышы бар экени атайын изилдөөлөрдө далилденип келе жатат. Тотем өз учурунда жеке эле Б-дөн болгон эмес.

Тотем ар бир уруунун жашоо тиричилигине тикелей байланышы бар түрдүү жаныбарлар боло берген жана алардын аткарган милдети бирдей болгон. Элдик оозеки чыгармачылыкта зооморфтук укмуштуу жаныбар Б-нүн бирде Бугу же башка айбанаттардын образында жолугушу мыйзам ченемдүү. Түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунда Ак-Бугу (Марал) менен Ак-Бөрү бирдей роль аткарышы, биринин ордун бири алмашышы же бир эле учурда экөө бирдей кызмат кылышы адаттагы көрүнүш. Эгер алгачкы мезгилдерде тотемдик түшүнүктөрдүн өкүм сүрүшүнө байланыштуу көөнө чыгармаларда чагылдырылган жырткыч жаныбарлар урууну же эпикалык каармандарды колдой турган магиялык мүнөздөгү кейипкер болуп катышса, баатырдык эпостордун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында мурдагы тотемдик-колдоочулук, коргоочулук касиети унутулуп же жумшарып, эпикалык салттарда гана алардын аты аталуу менен кыймыл-аракеттери өтмө мааниде чагылып, көркөм каражаттын милдетин аткарып калган.

Көпчүлүк учурларда Б. жана башкалар жырткыч айбанаттардын аталышы эпикалык каармандардын энчилүү ысмынын ордуна жүрөт же эпитет, салыштыруу түрүндө колдонулат. Ал эми жаныбарлардын көркөм сөз каражаты катары колдонулушу кийинки көрүнүш. Алгач алар эпостун каармандары менен тотемдик культ катары байланышкан. Элдин кийинки көз карашы, түшүнүгүнө ылайык өзгөрүп олтуруп, жаныбарлардын өзүнөн аларды элестеткен салыштыруу, эпитетке айланган. «Манастын» каармандарынын эрдигин жана элесин мүнөздөөдө «ач бөрүдөй жулушуп, аябай жатып урушуп» сыяктуу көркөм салыштыруулар кеңири колдонулат.

Ошондой эле Валиханов жазып алган эпизоддо «Баатыр Манас сурасаң Көкжал дөбөт бөрү эле» — деп Б-нүн образы мүнөздөмө эпитет маанисинде башкы каармандын энчилүү атынын ордуна колдонулат. «Көсөө куйрук Көк-Бөрү, Көкжал эрдин жөкөрү», — деп ''Манас'' эпосунда «Көкжал» эпитет катары Манаска, кээде анын эң жакын чоролоруна (Алмамбет, Чубак, Сыргак жана уулу Семетей) да айтылат. Бул сыяктуу тотемдик көз караштын калдыктарынын «Манаста» сакталып калышы эпостун кээ бир окуялары байыркы убакта эле пайда болгондугунан кабар берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4