ВКП(б)нин Кыргыз Областтык жетинчи конференциясы

Википедия дан

ВКП(б)нин Кыргыз Областтык жетинчи конференциясы 1934-ж. 10—15-январда Фрунзе шаарында өткөн.

Ага партиянын 6559 мүчөсүнөн жана 7467 мүчөлүгүнө кандидаты­нан чечүүчү добуш менен 185, кеңеш берүүчү добуш менен 94 делегат катыш­кан. Конференция ВКП(б) Кыргыз обкомунун, обл. текшерүү комиссиясынын, обл. контроль комиссиясынын — Жумушчу-Дыйкан Инспекдиясынын от­чётторун, республикада мал чарбасын өнүктүрүү боюнча доклад угуп, обл. парт, уюмдун жетекчи органдарын шайлаган; экинчи беш жылдык план жөнүндө ВКП(б) БКнын партиянын 17- съездине тезистерин жана уюштуруу маселелери боюнча тезистерин, Кыргызстан парт, уюму жөнүндө ВКП(б) БКнын токтомун жактырган; анда лениндик улут саясатын ишке ашыруу негпзинде республикада бир кыйла ийгиликтер болгону, республиканын парт, уюмдары өсүп-өөрчүгөнү белгиленген; би­рок партиянын обкомунун жетекчилери өз пштеринде партиянын баш­кы багытын бекем тутуп, БКнын ж-а Орто Азия Бюросунун дпрективаларын большевикче чечкиндүү ишке ашырып турса, ийгиликтер мындан да орчундуу болору көрсөтүлгөн. Обком­дун бюросу жана парт, уюмдардын айрым звенолору өз ишинде чыныгы парт, приндиптүүлүктү бекем кар­ман, сын жана өзүн өзү сыноону да ойдогудай өөрчүтө алган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.