Рихард Вагнер

Википедия дан
Вагнер, Рихард‎»‎ барагынан багытталды)
Рихард Вагнер 1871-жылы түшкөн сүрөт.

Рихард Вагнер (1813-1883) – немис композитору, драматургу, философу жана ыңкылапчысы.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Композитор, драматург, ойчул, адамзаттык ыңкылаптын жактоочусу Вилгелм Рихард Вагнер (немисче Wilhelm Richard Wagner) 1813-жылы 22-майда немистердин Лейпциг шаарында туулган. 1883-жылы 13-февралда италиялык Венеция шаарында дүйнөдөн кайткан.

Музыкалык мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вагнер герман уламыштарына негизделген опералар түрмөгүн жараткан жана өз опералары үчүн либретто жазган, ошондой эле музыка таануучу да болгон. Анын чыгармачылыгы Европада опера өнөрүндө реформа толкунун пайда кылып, модернисттик агымга башат ачкан.

Ал операда оркестрдин ролун өзгөчө көтөргөн. Асыресе, Вагнердин «Тристан жана Изолда» операсын аткарууда оркестр бай колориттин тынымсыз оргуштаган кайнар булагы сыяктуу жандуу жана сүрдүү иштеп, композитор жаңы багыттын жарчысы болуп калган.

Өз-өзүнчө лейтмотивдер – чакан музыкалык маанилик түйүндөр – Вагнердин музыкасында ырааттуу дайрага тынымсыз кошула берип, бирдиктүү жана улам кубаттанган симфониялык агым угуучуларды чыгарманы башынан аягына чейин толкунданган абалда берилип угууга аргасыз кылат.

Философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рихард Вагнер бүйүр кызыткан философиялык ойлору камтылган чыгармалары менен да таанымал.

Батыш Европадагы 1848-жылкы ыңкылаптар жеңилүүгө дуушарланган соң, либералдардын көпчүлүгүнүн ындыны өчүп турган чакта, андан кийинки жылы (1849-жылы) Вагнер Дрезденде майнапсыз аяктаган көтөрүлүшкө катышат.

Дал ошол жылы Вагнер “Көркөм өнөр жана ыңкылап” деген макаласын жазат. Анда ойчулдун көркөм өнөр утопиясы чагылдырылат.

Жалпысынан, ыңкылапчы Вагнердин оюнча, болочокку гармониялуу, телегейи тегиз коомго жетүүдө көркөм өнөрдүн ролу эбегейсиз чоң.

Макалада Вагнер “акыры-түбү ыңкылап жеңет” деген оптимисттик маанайын да билдирет. Бирок бул жеңишке жетишкен ыңкылап, Вагнердин оюнча, көркөм өнөр аркылуу ыйык касиетке көтөрүлүшү абзел. Дал ошондо гана телегейи тегиз коом жаралып, ыңкылап да, ага жетишкен адамзат да чыныгы ажайып дүйнөгө ээ болот.

Вагнердин философиялык жоромолу адамзат тагдыры алдын-ала белгилүү мыйзам ченемдүүлүк менен өнүгөт деген жобого (детерминизм) байланган.

Вагнердин оюнча, байыркы ыңкылап театр өнөрү аркылуу эркин атуулдар руханий жогорку сереге көтөрүлө алган көөнө грек шаар-мамлекеттерин ойрон кылган. Ал доордо калайыктын курулай эркиндикке гана умтулган көпчүлүгүн кулдар түзгөн. Алардын көзү эркиндиктен гана каткан.

Анан Аполлондун ордуна Иисус Христос келди. Ал бардык кишилерди тең деп жарыялады. Бирок Христос, ошол эле учурда, кишилерди асмандагы элестетилген бакытка жетүү үчүн адамзаттын нукура жаратылыштык турпатына каршы козголоңго чакырды.

Вагнердин оюнча, акыркы жана чыныгы ыңкылап “өнөржайды”, башкача айтканда, Жаңы доордо жалпы адамзатты окшош калыпка бир беткей чектеп салуу жүрүмүн жокко чыгарууга тийиш.

Ошентип, жалпы адамзат үчүн эки башталыш – баарына тегиз эркиндик жана сулуулук өз ара жуурулушуп, коомдо дүйнөлүк телегейи тегиз система (гармония) өкүм сүрүп калат.

Дал ушул бүтүмдөн улам Вагнердин философиясында өтмүштүн жана учурдагы доордун өткөөл, убактылуу экендиги, акыры бул мезгил да (анын ичинде эч маңызсыз жана жарамсыз нерселердин бардыгы тең) артта калаары тууралуу ой камтылганы айрыкча көрүнөт.

Ыңкылап менен көркөм өнөрдүн жуурулушу тууралуу вагнердик дуализм, серепчилердин оюнча, адам затынын башаттык маңызы кош касиетке жиктелгени тууралуу платондук жобого барып такалышы ыктымал.

Рихард Вагнер жазган 16 томго сыйдырылган адабий жана публицистикалык чыгармалардан тышкары анын 17 томго сыйган каттары да мурасталган. Вагнер көркөм өнөр жана музыканын онтологиялык жактан аңдалышы тууралуу ар кыл жоромолдорун калтырган.

Антисемитизмге шыкак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтмакчы, Рихард Вагнердин мистицизмге ыктаган жана идеологиялык жактан шөкөттөлгөн айрым антисемиттик ойлору 20-кылымдын башындагы германдык улутчулдукка жана улутчул социализмге кыйла таасир тийгизген.

Мунун айынан Вагнердин музыкалык мурасы да кээ бир топтор тарабынан кайсы-бир деңгээлде саясатташып кабыл алынган. Анын кесепетинен гитлердик фашисттик режим кыйрагандан кийинки доордо Вагнердин музыкалык чыгармаларын аткарууга каршы маанай кээ бир чөйрөлөрдө кыйла убакытка сактап турган.

Израил оркестринин саамалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы 26-июлда Германиянын жергеси Бавариянын Байрөйт шаарында израилдик камералык оркестр анын дирижеру Роберто Патерностронун (Roberto Paternostro) жетеги астында Вагнердин “Зигфилд идиллиясы” чыгармасын аткарды.

Израилдин камералык оркестри 70 жылдык “табуну” бузуп, Германиянын Байрөйт шаарында Вагнер опера фестивалында немис композитору Рихард Вагнердин чыгармасын аткарды.

1938-жылы нацисттик Германия жөөттөрдү куугунтуктап жатканда, Израил филармониясы (мурдагы Палестина филармониясы) Адолф Гитлер жактырган композитордун чыгармаларын аткарууга өз жамаатында бейрасмий тыйуу салган болчу.

Патерностро мырза кабарчылар менен маегинде Вагнердин анти-семиттик идеологиясы жексур болгонун, бирок бул кишинин жарамсыз ойлорунан анын музыкалык мурасын бөлүп кароо мүдөөсүн көздөө абзелдигин баса белгиледи.

Дирижер Патерностро өзү – теги боюнча жөөт. Анын энеси да холокосттун заардуу чеңгелинен эптеп аман калган.

- Жеке өзүм концерттин өтө бейпил, жоопкерчиликтүү жана музыкалык ыргакка багынган багытын каалайм. Биз – музыкантпыз. (Оркестрдеги) кишилердин баары тең музыканттар. Алар аспапта ойноо аркылуу өзүнүн мыкты өнөрүн көрсөткүсү келет.

Ошол эле учурда, Израилдин өзүндө Вагнердин чыгармаларын аткарууга азыр да мүмкүн болбой тургандыгын дирижер Патерностро кошумчалай кетти.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Вагнер Р. «О дирижировании»
  • Вагнер Р. «Искусство и революция», перевод с предисловием И. М. Эллена, книгоиздательство «Горизонт», С.-Петербург, 1906, 36 сс.
  • Вагнер Р. О сущности немецкой музыки
  • Вагнер Р. О сочинении стихов и музыки
  • Вагнер Р. Паломничество к Бетховену
  • А. Ф. Лосев Исторический смысл мировоззрения Рихарда Вагнера
  • А. Ф. Лосев Философский комментарий к драмам Рихарда Вагнера
  • Борис Толчинский Archived 2012-03-11 at the Wayback Machine Мифологический колосс Вагнера сплотил нацию
  • Энциклопедия юного музыканта / Игорь Куберский, Е. В. Минина. — СПб.:ООО «Диамант», 2001. 576 с.
  • А. Лиштанбнрже. Рихард Вагнер как поэт и мыслитель. М., «Алгоритм», 1977, 477 сс.
  • Сидоров А. А. Вагнер — 1934 год. — 272 с. (Жизнь замечательных людей)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]