Вакуумметрия

Википедия дан

Вакуумметрия (вакуум ж-a... метрия) — сейректелген газдардын басы­мын өлчөөчү методдордун жыйындысы.

Вакуумду өлчөенүн универсал методу жок. Басым газдын басымына же тыгыздыгына байланыштуу ар түрдүү физикалык мыйзамдардын негизинде өлчөнөт. Бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) басымдын бирдиги— ньютон квадрат метрге (н/м2). Ва­куумдуу техникада басымды өлчөөнүн системадан тышкаркы бирдиги — сым. мам. мм колдонулат. 1 сым. мам. мм=133,322 н/м2. Вакуум ар бири түрдүү басымды өлчөй турган вакуумметрлер менен өлчөнөт. Вакуум­метр (В) тузүлүшү б-ча суюктуктуу, мех., компрессиялык, жылуулуктуу, иондоштургуч, магниттүү, илээшкектүү, радиометрдик болуп бөлүнөт.

Суюктуктуу В-де U түрүндөгү түтүктүн ичиндеги суюктукка (сымап же вакуумдук май) таасир эткен атмосфера жана өлчөнүүчү басымдардын айырмасы ошол түтүктүн чыканактарындагы суюктуктун дедгээлинин айырмасындагы бийиктикке барабарланып, өлчөнүүчү басым аныкталат.

Механикалык В-де газ сезгич элементке (сильфон, мембрана) басым жасап, мембрана деформацияланат да, анын деформациясы жебе боюнча шкалага берилет. Компрессия­лык В. Бойль-Мариотт мыйзамына негизделип, аны менен 10-3 н/м2 (10~5 сым. мам. мм) болгон абдан төмөнкү басым өлчөнөт. Жылуулуктуу В-дин иштөө принциби сейректелген газдын жылуулук өткөрүмдүүлүгү басымга жараша боло тургандыгына негизделет. Иондоштургуч В-де кандайдыр бир туруктуу нур аркылуу газ иондоштурулат да, анын иондошуу интенсивдүүлүгү басымга жа­раша болот. Магниттүү В-дин иштешинде магнит талаасындагы электр разряддык токтун газдын курамына, демек, басымына жараша болушу пайдаланылат. Илээшкектүү В. сейректелген газдын илээшкектигинин анын басымына жараша экендигине негизделип, лабораториялык иште 10-4 н/м2 (10_6 сым. мам. мм) ба­сымга чейин ченөө үчүн колдонулат. Радиометрдик В-де радиометр­дик кубулуш пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.