Ванадаттар

Википедия дан

Ванадаттар – ванадий беш оксидинин (V2O5) туундулары болгон ванадий к-таларынын туздары. В. эркин түрүндө кездешпөөчү же туруктуу эмес ортованадий Н3VO4, пированадий Н2V2O7, метаванадий НVO3, декаванадий Н6V10O28, жана башка поливанадий к-таларынын туздары (V) кирет. Бир жана эки валенттүү металлдар орто- жана метаванадаттары салыштырмалуу оңой балкып эрүүчү, ал эми пированаддат кыйындык менен балкып эрүүчү бирикмелер. Бир валенттүү металлдар жана NH4+ В. сууда жана эки-, үч валенттүү металлдар (Мg башка) гидроксиддери суудагы эритмелеринде жакшы эришет. Бардык В. конц. минералдык к-таларда ажыроого дуушар болушат. Суудагы эритмелеринен ар кандай курамдагы В. чөгөт. Суусуз В. пиро- жана ортованадаттарды алардын оксиддерин, карбонаттарын же нитраттарын V2O5 же NН4VO3 менен абадагы кычкылтек катышуусунда ысытуудан алат. Алар ванадий алууда, текстиль өнөр жайларда, аналитикалык хим-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]