Вандализм

Википедия дан

Вандализм (вандалдар – байыркы герман урууларынан, Римди басып алып, акылга сыйбаган мыкаачылык жана жапайычылык менен бир-эки жуманын ичинде шаарды талап-тоноп, күм-жам кылып талкалап кеткен) – маданий – тарыхый эстеликтерди, жеке жана коомдук баалуулуктарды, мүлктөрдү атайылап талкалоо же бузуу.

Римди талкалаган Вандалдар, алардын аты менен вандализм аты байланыштуу

Вандализм басып алуучулук согуштар жана геноцид, депортация менен байланышкан мамлекеттик жана мамлекеттик эмес аракеттердин милдеттүү түрдөгү жандоочусу болуп эсептелет. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде, эки тараптан тең маданий-тарыхый эстеликтерди жана баалуулуктарды талкалоо, бомбалоо, талап-тоноо массалык мүнөзгө ээ болгон.
Чет өлкөлүк изилдөөчүлөр В-дин төмөндөгүдөй түрлөрүн белгилеп көрсөтүшөт:
а) формалдуу лидерлердин буйругу менен ишке ашырылган Вандализм:
б) басым көрсөтүү тобунун, көпчүлүктүн же алардын лидерлеринин басымы астында жүргүзүлгөн Вандализм;
в) мүлккө ээ болуу, же башка бир саясий, улутчулдук, уруулук, диндик максаттарга жетишүү үчүн жүргүзүлгөн Вандализм;
г) канааттануу же ырахат алуу үчүн жеке арамза оюн ишке ашыруу максатында жасалган Вандализм
д) стресстик абалды жеңилдетүү, ачуусун таркатуу максатында жасалган Вандализм.Бүгүнкү күндө Вандализм байланышкан кылмышкердик күн санап өсүүдө. Көрүстөндөгү жез, коло, темирден, чоюндан жасалган коргондордон тактачаларды уурдоо, коло замбиректерди, Бишкектеги жаратылыш паркына коюлган колодон жасалган көркөм өнөр чыгармаларын, монумент-статуяларды уурдоо, мазактоо ж. б. Вандализм менен байланышкан иш-аракеттер кылмышкерлик деп эсептелет.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б Калып:Socio-stub Калып:Struct-stub