Вандом колоннасы

Википедия дан

Вандом колоннасы ― Парижде Вандом аянтында (бийиктиги 43,5 м) Наполеон Iнин жеңиштерининин урматына 1806-10-жылы тургузулган (архитекторлор Ж. Гондуэн жана Ж. Б. Лепер) колонна.

Барельефтер менен кооздолуп (француздар 1805-жылы Аустерлпц салгылашуусунда колго түшүргөн 1250 замбпректпн колосунан куюлган), Наполеондук армиянын кармашуудагы эрдиктерин чагылдырган сүрөттөр түшүрүлгөн. Вандом колоннасынын үстүнө коюлган Наполеондун статуясы 1814-жылы рестраврация учурунда алынган жана 1863-жылы экинчи империянын тушунда кайрадан коюлган. Вандом колоннасы милитаризмдин символу катары каралып, Париж коммунасынын декрети боюнча 1871-жылы кыйратылган. 1875-жылы калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]