Ван Дейк Антонис

Википедия дан

Ван Дейк Антонис (22.3.1599, Антверпен 9.12.1641, Лондон) фламанд живописчиси. 1615-16-жылы менчик өнөрканага ээ болуп, жаш сүрөтчүлөр менен бирге Апостолдордун баштары» аттуу серияны жараткан. 1618-20-жылы П. П. Рубенске жардамчы болуп, андан чеберчиликти үйрөнгөн. Ван Дейк диний-мифологиялык темада «Ыйык Пётрдун жаза тартышы» (1615-17-жылы чен, Брюссель, Эски искусство музейи), «Юпитер менен Антиопа» (1617-18-жылы чен, Гент, көркөм искусство музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1621-жылдан Италияда жашап, Рим, Венеция, Генуянын сүрөт өнөрү менен таанышкан. Анын чыглыгында Генуяда тарткан портреттери маанилүү орун ээлейт. Рубенс мектебинин тажрыйбасы менен Венеция сүрөт өнөрүнүн алдыңкы салттарын чебер айкалыштыра алган. Буга «Мадонна дель Розарио» (1624, Палермо), «Египетке барчу жолдогу эс алуу» (1620, Мюнхен) жана башка сүрөттөрү мисал. 1632-жылы Карл Iнин чакыруусу менен Англияга келип, аксарай сүрөтчүсү болгон. Королдун көп сандаган портреттерин («Карл I мергенчиликте», 1635, Лувр, Париж), анын үйбүлөсүнүн сүрөттөрүн («Карл Iнин балдары», 1637, Виндзор замогу) тарткан. Ван Дейктин чыгармачылыгы портрет живописинин улуттук англия мектебинин калыптанышына жана 17-19-кылымдагы европа портрет искусствосуна чоң таасир эткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]