Вариациялык статистика

Википедия дан

Вариациялык статистика - тажрыйбага негизделген бөлүштүрүүлөрдүн сан жанa функция мүнөздөмөлөрүн (характеристикаларын) эсептөө.

Эгерде объектилердин кандайдыр бпр группасында жзилденүүчү белгинин көрсөткүчү объектиден объектиге өзгөрүп турса, анда мындай х\, х2,..., хп (п — объектилердин жалпы саны) көрсөткүчтүн ар бир маанисинеге барабар болгон бир п эле ыктымалдыкты туура келтиришет.

Тажрыйбага негизделген бөлүштүрүүлөр дискреттик бөлүштүрүүлөрдүн бөлүгү болот. Байкоолордун хь х2, ..., хn натыйжалары кокус чоңдуктар болгон учур үчүн гана Вариациялык статистиканын талкууланышы терең мазмундуу жfya матем. жактан так жүргүзүлгөн. Байкоолордун саны п жетишерлик чоң болгондо, тажрыйбага не­гизделген бөлүштүрүү Xi кокус чоңдуктардын белгисиз теориялык бөлүштүрүүсү үчүн статистикалык дурус баалоо болот. Бул учурда Вариациялык статистика математикалык статистиканын пайдалуу жардамчы аппараты боло алат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.