Василий Дегтярёв

Википедия дан

Дегтярёв Василий Алексеевич (2-январь 1880, Тула16-январь 1949, Москва) — атма курал-жарак боюнча советтик конструктор, инженердик-артиллериялык кызматтын генерал-майору, техника илимдеринин доктору (1940), Социалисттик Эмгек Баатыры (1940).

Биография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дегтярёв Василий Алексеевич 1880-жылы 2-январьда Тула шаарында туулган. 1901-жылы аскердик кызматтка чакырылган. Ал Ораниенбаумдагы офицердик аткычтык мектептин алдындагы курал-жабдык устаканасында кызмат өтөгөн. 1905-жылдан тартып курал-жабдык полигонунун устканасунда темир уста болуп эмгектенген.

Владимир Фёдоровдун жетекчилигинин алдында алгачкы орус автоматикалык винтовкасынын үлгүсүн иштеп чыгара баштаган. 1916-жылы автоматикалык карабинди ойлоп табып, сынап көргөн.

1941-жылдан тарта КПСС мүчөсү. Дегтярёв - атма курал-жарак түзүү боюнча СССРдеги биринчи конструктордук бюронун жетекчиси.

1927-жылы 7,62 милиметрлүү кол пулемёт (ДП) жасап, анын базасында авиацияылк (ДА жана ДА-2) жана танкалык (ДТ) пулемёттор.

1934-жылы тапанча-пулемёттун бир нече түрүн түзгөн.

1930-жылы түзүлгөн 12,7 милиметрлүү ири калибрдүү пулемёт 1938-жылы Г. С. Шпагин өркүндөткөндөн кийин зениттик пулемёт (ДШК) болуп пайдаланылган.

1939-жылы Дегтярёв системасындагы станокту пулемёт жасалган. Улуу Ата Мекендик согушта армия Дегтярёв түзгөн 14,5 милиметрлүү танк атуучу мылтыкты (ПТРД) жана 1944-жылкы үлгүдөгү кол пулемётту алган.

СССР Жогурку Советинин депутаты.

СССР мамлекеттик сыйлыгынын төрт жолку (1941, 1942, 1944, 1949) лауреаты. Левин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.