Верчагин Валерий Иванович

Википедия дан

Верчагин Валерий Иванович - (27. 2. 1947-ж. туулган, Тажик ССРи, Восе району, Восе кыштагы) генерал-полковник (2003). 1970-ж. ФПИни бүтүргөн. 1970-74-ж. студенттик курулуш уюмунун жумушчусу, Фрунзедеги тери заводунда электр цехинин начальниги, Кыргыз ССР Өнөр жай министрлигинин курулуш монтаждоо башкармалыгында мастер, прибор ремонттоо заводунда бригадир, 1974-79-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, төрагасынын орун басары, төрагасы, 1984-85-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы, парткомдун секретары, 1991-2001-ж. КРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын 1-орун басары, КРдин Улуттук коопсуздук министринин 1орун басары, КРдин Чек ара кызматы башкы башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу, министрдин 1-орун басары, КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын 1орун басары болуп пштеген. Улуттук коопсуздук кызматынын отличниги (2001). «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]