Вестминстер статуту (1931)

Википедия дан

Вестминстер статуту (1931) - Британ империясынын доминиондоруна ички жана тышкы иштеринде өз алдынчалыкты берүү, метрополия менен тең укуктуулугун бекемдөө тууралуу мыйзам. 1926-ж. жана 1930-ж. империялык конференцияларда Канада, Жаңы Зеландия, Австралия Союзу, Түштүк-Африка Союзу, Эйре (Ирландия) жана Ньюфаунленд доминиондору Британ Шериктештигинин курамында толук өз алдынчалуулукту берүүнү талап кылышкан. Натыйжада парламент тарабынан жактырылган Вестминстер статуту кабыл алынып, ал боюнча ар бир доминиондун ички-тышкы иштерин өз алдынча жүргүзүү, чет өлкөлөр менен дипломатиялык байланыштарды түзүү жана Улуттар Лигасына өз өкүлдөрүн жөнөтүү укугу берилген. Вестминстер статуту 1949-ж. толукталып, республпкаларга (мисалы, Индияга) Британ Шериктештигине мүчө болууга мүмкүндүк берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]