Вето (тыюу)

Википедия дан

Вето (тыюу) (лат. veto – тыюу салам) – кайсы бир органдын чечимин токтотуучу же күчүнө кирүүсүнө жол бербөөчү акт. Айрыкча мамлекет башчысына берилген парламент тарабынан кабылданган мыйзамдарга тыюу салуу укугу өзгөчө мааниге ээ болот. В. парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамды такыр четке кагуу укугу өлкө башчысына гана тийиштүү болгон чексиз (резолюциялык) жана өлкө башчысы мыйзамдын күчүнө кирүүсүн токтото туруу менен анын парламент тарабынан кайрадан добуш берүүдө кабыл алынуусуна мүмкүндүк берүүчү салыштырмалуу (токтото туруу же суспенсивдик) В. болуп айырмаланат. Мында кайрадан (биротоло) кароо менен кабыл алуу үчүн бир катар парламенттерде квалификацияланган көпчүлүктүн (м.: КРде депутаттардын жалпы санынын кеминде 2/3 бөлүгүнүн) добушу талап кылынат. Ошондой эле жалпы жана айрым (тандама) В. болот. Биринчиси актыны толук четке кагууну билдирсе, экинчиси – ошондой эле айрым бөлүктөрүн же статьяларын четке кагууну билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]