Видеосигнал

Википедия дан

Видеосигнал - сүрөттөлүштү пан­да кылуучу электр сигналы.

Видеосигнал жарык электрдик өзгөрткүч (телекөрсөтүүдө — суперортикон, видикон ж. б., фототелеграфияда — фотоэлемент, фотокөбөйткүч) менен радиолокатор ка­был алган электромагниттпк толкунду өзгөртүп түзүү натыйжасында пайда болот. Телекөрсөтүүдө берүүчү телекөрсөткуч тутуктун чыгышындагы Видеосигналдын заматтык мааниси ал ту­туктун жарык сезгич бетиндеги оптикалык сүрөттөлүштүн айрым бөлүктөрүнүн жаркырактыгына пропорциялаш. Монохромдуу (кара-ак түстөгү) жана түстуү телекөрсөтүүдө Видеосигналдын таралышы кара (Видеосигнал нөлгө барабар) жана ак (Видеосигнал максимум мааниге ээ) децгээлдер менен чектелет. Фототе­леграфияда жарык так кыймылсыз сүрөттөлүшкө барып түшүп, андан чагылган нур жарык электрдик өзгөрткүчкө берилип, анда Видеосигналга айландырылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.