Видин падышалыгы

Википедия дан

Видин падышалыгы - 14-кылымдын 2-жарымындагы Түндүк-Батыш Болгариянын территориясындагы жана Сербиядагы феод, мамлекет. Видин падышалыгы болжол менен 1363-ж. түзүлгөн.

  • Ошол кезде Болга­рия падышасы Иван Александр (1331—71-ж. бийлеген) өзү ээлеген жерден ушул территорияны уулу Иван Страцимирге бөлүп берген.
  • Атасы өлгөндөн кийин Иван Страцимир София областын кошуп алган.
  • 1365-ж. Видин падышалыгын венгрлер басып алат; 1369-ж. Страцимирдин бийлиги венгр вассалы ката­ры кайра калыбына келтирилет. 1388-ж. түрк жортуулунан кийин Страцимир түрк вассалы болуп калат.
  • Крест жортуулу (1396) оңунан чыкпай калгандан кийин Видин падышалыгын түрк султаны Баязид өзүнө каратып алган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.