Википедияны талкуулоо:Администратордон түшүрүү

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Администорлука талапкер[булагын түзөтүү]

Кайсы талапкер татыктуу жана билими, мүмкүнчүлүктөрү жеткиликтүү болчудай? Азыр чындыгын айтканда ботко болуп калыптыр көп макалалар. Кээ бир макалаларды кыргыз тилинде бирок латын ариби менен оңдогондор да бар экен. Макалалардын 25% он сүйлөмгө жетпейт жана булактары, шилтемелери жок. Баардык макалага Кыргыз энциклопедиясын эле булак катары кошо беришкен. Калыптар боюнча да чоң маселе бар, түзүмү, аталыштары да чоң суроо жаратат. Мисалы Акимий бирдик калыбы, баардык булактарды, расмий юридикалык сөздүктөрдөн мындай термин таба албадым. Казах Википедиясынан эле көчүрүүлүп алынгандан. Өчүрүлгөн макалалардын бир тобу түшүнүксүз жана кандайдыр бир татыктуу булактар менен чыңдалган эмес. Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнөн кийин өтө эле сапаты начар же кандайдыр бир чыгармадан үзүндүлөр жарыялана баштаган абдан жаман көрүнүш болуп жатат.

Менин сунушум азыр кызуу кандуулукка алдырбай, терең ойлонуп анан чечүү керек. Азыр мен болгон күчүмдү стандарттоого жумшап жатам. Artelow (баарлашуу) 20:29, 16 март 2024 (UTC)[жооп берүү]