Википедия:Негизги принциптер

Википедия дан
Википедия ― бул энциклопедия
Википедия — жалпы жана адистештирилген энциклопедиялардын, журналдардын жана географиялык маалымдамалардын элементтерин камтыган энциклопедиялык вики-сайт. Википедиянын өзгөчөлүктөрү билим тутумдаштыруунун жаңы ыкмалары менен таризин жаратып, социалдык тармактын элементин камтыйт. Мындай өзгөчөлүктөр, Википедия — ар кандай маалыматтын жыйындысы эмес, анархия же демократия боюнча эксперимент эмес, басма сөз эмес, сөздүк эмес, баштапкы документтердин жыйындысы эмес, нускама эмес, окуу куралы же илимий журнал эмес экенин унуттурбашы керек. Бул чыгармаларыңызды, өмүр баяныңызды, оюңузду, тажрыйбаңызды, изилдөөңүздү жарыялай турган, өзүңүздү же башка бирөөнү, нерсени жарнама же үгүттөө кыла турчу жай эмес экендигин билдирет. Википедиянын жайгаштыруу каражаттары энциклопедиялык макалаларды жана алардын үстүндө иштөө менен байланыштуу маалыматтарды жайгаштырууга колдонулат.
Энциклопедиялык макала үстүндө иштөөдө кошулган маалыматтын тактыгына жана аны башка колдонуучулар тарабынан текшерүү мүмкүнчүлүгүнө умтулуу кажет.
Википедия бейтараптуу жазылат
Википедия бейтарап көз караш менен жазылышына умтулат. Демек, макалалардын стили энциклопедиялык болушу керек, макаланын предмети так жана ачык-айкын чагылдырышы керек, тиги же бул көз карашка артыкчылык берилбеши керек. Мындан тышкары, көз караштарды керектүү контекст менен коштоп келтирүүгө аракеттенүү керек жана текшерүүгө мүмкүн, ишенимдүү булактардын коштолушу абзел.
Википедиянын материалдарын каалаган колдоно, өзгөртө жана бөлүшө алат
Википедиянын дээрлик бардык материалдары каалашынча колдонууга жана өзгөртүүгө жеткиликтүү (лицензиянын шарттарынын чектөөлөрү менен). Википедиянын бардык тексти CC BY-SA (Creative Commons Attribution-ShareAlike License 3.0 нускасы) менен лицензияланган, ошондой эле текстин көпчүлүгү GFDL (GNU Free Documentation License) менен лицензияланган (кош лицензиялоо), ал эми тексттин айрым фрагменттери коомдук энчилигинде. Эске сала кетчү нерсе, макалаларды каалаган адам түзөтө алат жана эч бир колдонуучу кайсы гана макала болбосун өзүнө ээлик кылуу укугу жок. Демек, салымыңызды кимдир бирөө аёосуз өзгөртүшү мүмкүн. Википедияга автордук укукту бузган материалдарды жайгаштырууга жол берилбейт. Айрым учурларда жана альтернативасы жок шартта, автордук укук менен корголгон материалдарды ак ниеттүү колдонуу шарттарына ылайык колдонууга уруксат.
Колдонуучулар бир бирин сый-урматтоо керек
Википедияда жүрүм-турум эрежелери бар: кесиптештериңиз менен макул болбосоңуз дагы, аларды сыйлаңыз. Сылык болуңуз. Мазактоого, коркутууга, агрессияга жана өтө кеңири жалпылоого жол бербеңиз. Орчунду темалар боюнча иштеп жатканда консенсуска келүүгө аракет кылыңыз, түзөтүүлөр согушунан алыс болуңуз. Достук мамиледе болууга умтулуңуз. Викимедиа долбоорлору менен байланыштуу ишмердүүлүк менен маектешүү сайттардан тышкары да болушу мүмкүн. Демек, бардык жерден этиканы сактоо керек.
Википедияда бюракратизм жок
Мыкты энциклопедия түзүү максатында ар түрдүү адамдар өз убактысын, күчүн сарпташат. Википедия биздин мээнетибиз. Демек бир бирибиз менен баарлашуудан баш тарта албайбыз. Ар бирибиздин ар кайсы маселе боюнча өз көз карашыбыз бар болушу мүмкүн. Мындай пикир келишпестиктер талкуу аркылуу консенсуска келүү менен чечилет. Энциклопедия жазуу ордуна улам сыяктуу маселелерге токтолуп убактыбызды коротпоо үчүн эрежелер түзүлөт. Эрежелер ― мыкты энциклопедия түзүү максатында жамааттын ар түрдүү маселе боюнча консенсусу. Эрежелер колдонуучулардын катнаштарын жөнгө салат, энциклопедиянын бирдейлигин, түшүнүктүүлүгүн, мыкты тажрыйбанын колдонулушун камсыз кылат. Убакыттын өтүшү менен эрежелер, алардын чечмелөөсү өзгөрүшү мүмкүн. Эрежелер идеалдуу эмес, аларды ар кандай максатта бурмалап колдонуу да мүмкүн. Кээде эреже мыкты энциклопедияны жаратууга тоскоол жаратышы мүмкүн, мында принциптер жана эреженин максаты сөзмө-сөз сөздөн артыкчылыктуу.
Википедияга салым кошуу үчүн бардык эрежелерди билүү талап кылынбайт. Убакыт өтүшү менен аларды биле аласыз деп болжолдонууда. Макалаларды жаңыртууда тайманбас, бирок шалаакы болбоңуз. Ката жөнүндө кабатыр болбоңуз: макалалардын мурунку бардык нускалары сакталат жана жеткиликтүү, андыктан Википедиядагы маалыматты бузуу же орду толгус жоготуу мүмкүн эмес. Бирок, эсиңизде болсун: сиз кылганыңыздын баары кийинки урпактар үчүн сакталат.