Вики Жерди Сүйөт

Википедия дан

Вики Жерди Сүйөт ( англисче Wiki Loves Earth же кыскача ВЖС) — жыл сайын май жана июнь айларында дүйнө жүзү боюнча Wikipedia коомчулугунун мүчөлөрү тарабынан Wikimedia Фондунун жергиликтүү филиалдарынын колдоосу менен уюштурулчу эл аралык фотосүрөт конкурсу. Катышуучулар өз өлкөлөрүнүн жергиликтүү жаратылыш мурастарын жана кооз пейзаждарын сүрөткө тартып, Wikimedia Commons сайтына жүктөшөт.

«Wiki Loves Earth» эл аралык фото сынагынын мааниси жана максаты - корголуучу жаратылыш аймактарын (коруктарды, запаведниктерди, улуттук парктарды ж.б.) сүрөткө тартуу. Катышуу шартын жеңилдетүү үчүн үчүн ар бир өлкөнүн катышуучуларына жогорудагыдай аймактардын атайын тизмеси сунушталат. Бул сынак жөн эле сынак эмес, анын тарбиялык, маданий жана маалыматтык мааниси чоң. Бул сынактын аркасында дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар биздин планетанын флорасы жана фаунасы, жаратылыш ландшафттарынын кооздугу жана көп түрдүүлүгү жөнүндө, жаратылышты коргоо жаатындагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер жөнүндө жаңы билимге ээ болушат.

Таарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи жолу Вики Жерди Сүйөт сынагы 2013-жылы Украинада өткөн. Сынактын уюштуруу комитетин этнограф Евгений Букет жетектеген [1] . Кийинки жылдары сынак эл аралык мүнөзгө ээ болуп, башка өлкөлөргө да жайылган .

2014-жылы эл аралык фотосүрөт сынагына 15 өлкө катышкан [2] . 2015-жылы Вики Жерди Сүйөт сынагынын редакторлору 26 өлкөдөн келген 8500 катышуучунун 100 000ден ашык сүрөттөрүн карап чыгышкан [3] . Фотосүрөт сынагына кийинчерээк 50дөн ашуун өлкөнү камтыды жана 40 000ден ашуун катышуучудан 420 000ден ашык фотосүрөттөрдү чогултту. Ал дүйнөдөгү эң чоң фотоконкурс катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген [4] [5] .

Вики Жерди Сүйөт жыл сайын сентябрь айында өтүүчү жана тарыхый эстеликтерге жана көрнөктүү жерлерге арналган Вики эстеликтерди сүйөт фотосүрөт сынагына окшош.

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Стартував фотоконкурс «Вікі любить Землю»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2016. Түп булактан архивделген күнү 25 Апрель 2014.
  2. Wikipedia's second international photo contest "Wiki Loves Earth" to start on May 1, Kyiv Post (28 Апрель 2014). Архивировано из первоисточника 27 -январь (үчтүн айы) 2016. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2015.
  3. Wiki Loves Earth: Top 10 pictures from Pakistan, Dawn (4 -июнь (кулжа) 2015). Архивировано из первоисточника 16 -сентябрь (аяк оона) 2016. Текшерилген күнү 4 -июнь (кулжа) 2015.
  4. Wiki Loves Monuments: Top 10 pictures from Pakistan, Dawn (25 -октябрь (тогуздун айы) 2014). Архивировано из первоисточника 11 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2015.
  5. Awaiting images worth a thousand words!, Dawn (21 -сентябрь (аяк оона) 2014). Архивировано из первоисточника 29 -октябрь (тогуздун айы) 2020. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2015.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • wikilovesearth.org — Вики Жерди Сүйөт официалдуу баракчасы