Виннебаго

Википедия дан

Виннебаго (хо-чанк) — сиу тилдүү индей эли. Колонизацияга чейин алар Мичиган көлүнүн (Грин-бэй булуңдун аймагында) жанындагы азыркы Висконсин штатынын аймагында жашашкан. Азыркы убакта Висконсин жана Небраска штаттарында жашашат.
Жалпы саны учурда 12 миңден ашуун адамды түзөт.

Тил

Виннебаго жана англис тилдеринде сүйлөшөт.

Дин

Шаманизм, анимизм. Салттуу түрдө балык уулоо жана айыл чарба культтары мүнөздүү болгон.
Азыркы учурда христиандаштырылган (Жергиликтүү америкалыктардын чиркөөсү).

Чарбачылык иштер

  • аңчылык;
  • жыйноочулук (мөмөлөр, жаңгактар, жегенге жарактуу тамырлар, кайың ширеси ж.б.);
  • балык уулоо;
  • дыйканчылык (жүгөрү, цицания).


Коом

Салттуу коомдук-саясий уюмга кош саясий түзүлүштөгү уруулук уюм («тынчтык» жана «аскердик» институттар) жана ритуалдык коомдор мүнөздүү болгон.
Учурда эки топко бөлүнгөн: Висконсиндеги хо-чанк (Хо-Чанк резервациясында) жана Небраскадагы виннебаго (Уиннебейго резервациясында).

Артефакт

2021-жылы америкалык археологдор Мендат көлүнүн түбүнөн виннебаго элине таандык жыгач каноэ табышты.Кайыктын жашы 1200 жылдан ашкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Уаве (индей эли)