Виноградный

Википедия дан

ВиноградныйЧүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Васильевка айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 38 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 40 км. 1910-ж. негизделген. Калкы ;3;249 миң (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, универмаг, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Жоопкерчилиги чектелген «Шабдан-Багратиони» ишканасы иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]