Владимир Лидский

Википедия дан

Владимир Лидский (чыныгы аты Владимир Леонидович Михайлов) –  15-июнда 1957 жылы СССРдин Москва шаарында туулган. Орус прозаик, акын, драматург, кино тарыхчысы. Кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) сценарий жана кино таануу факультетин аяктаган. Бишкекте жашайт.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Центрнаучфильм" киностудиясында оператордун ассистенти болуп иштеген. Москва жана регионалдык басылмалар менен кызматташкан ("Советский экран", "Московский комсомолец", "Московская правда", "Труд", "Неделя" ж. б.)

1984-жылы Фрунзеге (Кыргыз ССРи) көчүп келген, азыр Бишкек. "Кыргызфильм" киностудиясында, Кыргыз ССР Гостелерадиосунда, "Хан-Тенгри" Телекинокомпаниясында иштеген. Документалдык фильмдердин, радио берүүлөрдүн жана телевизиондук берүүлөрдүн тогуз циклдин сценарийлеринин автору. "Хан-Тенгри" телекинотомпаниясында режиссер катары бир нече этнографиялык тасмаларды тарткан. Республикалык пресса менен кызматташкан.

1990-жылдардын башында анын прозалык жана поэтикалык чыгармалары республикалык басмаларда чыгара баштаган. 2012-жылы Санкт-Петербургдагы "Лимбус Пресс" басма үйү "Русский садизм" романын басып чыгарган. 2013-жылдын аягында "Франтирер" басма үйү (АКШ) жазуучунун экинчи романы - "Избиение младенцев" жарыкка чыгарган. 2016-жылдын май айында Москвадагы "RIPOL Classic" басма үйү 2014-жылы "Русская премия» сыйлыгы  менен сыйланган "Улети на небо" повестин басып чыгарган. Ал эми 2017-жылдын май айында ошол эле басма үйү "Сказки нашей крови" ошондой эле 2016-жылы "Русская премия" менен сыйланган романын басып чыгарган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Прозалык чыгармалары:
  • Владимир Лидский «Русский садизм»,
  • Владимир Лидский «Улети на небо»,
  • Владимир Лидский «Избиение младенцев»,
  • Владимир Лидский «Айтматов-сценарист»,
  • Владимир Лидский «Люди-легенды»,
  • Владимир Лидский «Трагический абсурд реальности»,
  • Владимир Лидский «Два солдата из стройбата»,
  • Владимир Лидский «Эскимосско-чукчанская война»,
  • Владимир Лидский «Коридор».
  • Ыр жыйнактары:
  • Владимир Лидский «Семицветье»,
  • Владимир Лидский «По ту сторону зеркала».
  • Пьесалары:
  • 2013 — «Мутанты», «Голый Эйнштейн», «Приключения Ленина»
  • 2014 — «Золушка навсегда», «Дурочка и зэк», «Тело», «Мой муж ест детей»
  • 2015 — «Батальон ангелов», «Птичка», «Нелегальный сумасшедший»
  • 2016 — «Ёксель-моксель», «Шестое доказательство», «Чёрненькие»

Сыйлыктар жана премиялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Русская премия» сыйлыгынын лауреаты (2014).
  • «Русская премия» сыйлыгынын лауреаты (2016).
  • «Вольный стрелок: Серебряная пуля» (АКШ) сыйлыгынын лауреаты.
  • Алданов сыйлыгынын (АКШ) лауреаты
  • «Арча» сыйлыгынын лауреаты (Кыргызстан),
  • "Баденвейлер" атындагы драма сынагынын жеңүүчүсү (Германия),
  • "Действующие лица" драма сынагынын жеңүүчүсү.
  • "Улуттук бестселлердин" (Орусия Федерациясы) финалисти,
  • Андрей Белый сыйлыгынын финалисти.
  • Бунин сыйлыгынын финалисти,
  • "Орусиялык Букердин" узун тизмеси,
  • "НОС" сыйлыгынын узун тизмеси.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Владимир Лидский //https://lidsky.jimdofree.com/ [кайрылган күнү: 12.12.2021]

Владимир Лидский. Кто есть кто. Новая литература Кыргызстана//http://www.literatura.kg/persons/?aid=427 [кайрылган күнү: 12.12.2021]

Етоев Александр. Владимир Лидский "Русский садизм".//http://www.natsbest.ru/award/2012/review/vladimir-lidskij-russkij-sadizm-2/ Archived 2020-08-01 at the Wayback Machine [кайрылган күнү: 12.12.2021]

Лидский Владимир. Журнальный мир //http://xn--80alhdjhdcxhy5hl.xn--p1ai/avtor/lidskiy-vladimir [кайрылган күнү: 12.12.2021]

Писатель из Кыргызстана стал лауреатом "Русской премии" // https://24.kg/obschestvo/50222_pisatel_izkyirgyizstana_stal_laureatom_russkoy_premii/ [кайрылган күнү: 12.12.2021]