Вокалдык музыка
Вокалдык музыка – музыкалык аспаптар коштоп же коштобой ырдоо үчүн чыгарылган музыка. Вокалдык музыка ар кандай жанрда, ар түркүн стилде, түрдүү үнгө ылайык жазылат. Вокалдык аткаруу (соло), ансамбль же хор түрүндө болот. Вокалдык музыка концерттик-эстрадалык практикада жана театрда (опера, оперетта, музыкалык драма ж. б.) кеңири пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4