Выгозеро

Википедия дан
Выгозеро.

Выгозеро, Выг, Выгозеро суу сактагычы – Карелиядагы көл. Аянты 1159 км2, тереңдиги 18 мге чейин. 1932-33-жылдары Төмөнкү Выг дарыясына Выгозеро суусактагычы курулгандан кийин Выгозеронун аянты 1250 км2ге жеткен. Суусунун деңгээли 1 мге чейин өзгөрүп турат. Октябрдын аягы ноябрдын башынан тоңуп, майдын аягында ачылат. Куймалары: Жогорку Выг, Вожма, Сегежа, Онда. Кеме жүрөт (Ак деңиз Балтика каналынын системасына кирет). Энергетикада пайдаланылат. Боюнда Сегежа шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]