Газдарды суюктукка айландыруу

Википедия дан

Газдарды суюктукка айландыруу — газ түрүндөгү заттарды суюк абалга өткөрүү процесси.

Бардык газдар белгилүү кризис темпрасына ээ, андан жог. темп-рада газ эч кандай жол менен суюктукка айланбайт. Хлор, аммиак, көмүр кычкыл газдар төмөнкү температурада 1-жолу 1823-ж. суюктукка айландырылган. Бирок, кээ бир газдар ошол кезде алынган эң төмөнкү темп-рага чейин муздатылып, бир нече миндеген атмралык басым менен кысса да суюк абалга өткөн эмес. Себеби, бул газдардын кризис темп-расы эн төмөн болгон. Азыркы кезде эң төмөнкү температуpa Джоуль-Томсон эффектисинин, адиабаталык кеңейүү кубулуштарынын негизинде алынат. Компрес­сор менен бир нече ондогон атмосферага кысылган газ суу менен муздатылып, детандер деп аталуучу поршендүү камерада кенейтилет. Газ адиабата­лык кеңейүү кезинде жанa поршенди кыймылга келтирүү үчүп ички энергиясын сарп кылып, абдан муздайт да, суюктукка айланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.