Газ алмашуу (биол.)

Википедия дан

Газ алмашуу (биол.) — айлана чөйрө менен организмдин ортосундагы газ алмашуу.

Организм айлана-чөйрөдөн кычкылтекти тынымсыз алып турат, ансыз анын жашоосу мүмкүн эмес. Кычкылтек организмге өтүү мене андагы углевод, май, белок сыяктуу заттарды кычкылдандырат. Алардан көмүртек кош кычкылы (С02), суу, азоттуу бирикмелер ж-а энергия болүнүп чыгат. Энергия дененин темпрасын кармап турууга, о. эле ар кандай кыймыл аракеттерге жумшалат.

Газ алмашуу бардык жаныбарларда бирдей болбойт. Айлана-чөйрөгө байланыштуу муздак кандуу жаныбарлардын (бака, жылан, кескелдирик ж. б.) денесинин жылуулугу төмөндөгөндө, алардагы Газ алмашуу басандайт. Суук мезгилде жылуу кандуу майда жаныбар­ларда жылуулук берчү заттар коп кычкылдангандыктан Газ алмашуу жогорулайт. Адам кыймылсыз турганда минутасына 200—300 мл, жумуш убагында 2000—3000 мл кычкылтекти керектейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.