Газ анализдегич

Википедия дан

Газ анализдегич — газ аралашмаларынын сан жана сапаттык курамын аныктоочу прибор. Газ анализдгич кол менен иштөөчү жана автоматтык болуп бөлүнөт. Газ анализдгичтин көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана сигнал берүүчү түрлөрү бар. Иштөө принциптери боюнчагаз анализдгичтер төмөндөгүдөй айырмаланат. Химиялык газдардын реактив аркылуу жутулушуна негизделет; термохимиялыкгаздын күйүшүнүн жылуулук натыйжалуулугу өлчөнөт; термокондуктометрдик газ аралашмалары менен абанын жылуулук өткөргүчтөрү анализделип салыштырылат; электр-химиялык изилденүүчү газды сиңирип алуучу эритменин электр өткөрүмдүүлүгү өлчөнөт; денсиметрдик газ аралашмаларынын тыгыздыгы өлчөнөт; магниттик кычкылтектин оң магниттик касиеттерине негизделет; оптикалык газ аралашмаларынын сиңирүү же чачыратуу спектрлеринин оптикалык тыгыздыгы өлчөнөт; радиактивдүүлүк иондоштурулган камерадагы газ курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу электр тогунун күчү аныкталат. Медицинада организмдин энергияны керектөөсүн аныктоо үчүн дем чыгаргандагы абадагы кычкылтек жана көмүртек саны өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]