Газ генератору

Википедия дан

Газ генератору (газ жана лат. generator өндүргүч) — катуу жана суюк отунду күйүүчү газга айландыруучу аппарат. Газ генераторунун ички капталы отко чыдамдуу материалдан жасалган цилиндр түрүндөгү шахта болуп, жогору жагына жагылуучу отун толтурулуп, тор менен тосулат. Төмөн жагынан аба же суу буусу, буу менен кошо кычкылтек аралашмасы же көмүр окиси менен үйлөтүлөт. Булардын таасиринен отун реакцияга кирип ажырап, андан аба газы, аралашма газ, буу-кычкылтек газы жана регенерацияланган газ пайда болот. Отундун күйүп бүткөн бөлүгү тордон өтүп, күл тоскучка чогулуп, андан сыртка чыгарылат. Пайдаланылышына жараша газ генератору орнотулган жана көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулган газ генератору жылуулук станцияларында, өнөр жай орнотмолорунда жана технол. линияларда жагыла турган күйүүчү газды иштеп чыгаруу үчүнколдонулат. Көчмө газ генератору автомобилге, тракторго орнотулуп, күйүүчү газды иштеп чыгаруу үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]