Галан Ярослав Александрович
Галан Ярослав Александрович [14 (27) 7. 1902, азыркы Польшадагы Дынов деген жерде 24.10.1949, Львов] украин жазуучусу, публицист.1923-28-ж. Вена жана Краков университтеринде окуган. Камакта (1934, 1937) отурган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фронттук гезиттерде, радиодо кабарчы болгон. Украина жөнүндөочерк, аңгемелерди, ошондой эле антифашисттик жана антиклерикалык памфлеттерди («Шайтандын кызматында», 1948; «Наадандыктын атасы жана анын жан-жөкөрлөрү», 1949) жазган. Ал «Этенгеймдик Дон Кихот» (1926-27), «99%» (1930), «Ячейка» (1932), «Таң алдындагы махабат» (1949) пьесаларынын автору. «Тандалмалар» жыйнагындагы памфлеттери үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952, өлгөндөн кийин).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4