Ганди, Мохандас Карамчанд

Википедия дан

Ганди, Мохандас Карамчанд (1869-1948) – Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу.

Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери: адамдардын ортосундагы мамилелердин чыныгы формасы - сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жол менен, күч колдонбой күрөшкө кеңири көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Ганди күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом жөнүндө концепциясын иштеп чыккан, саясатта жаңы ыкманы - жарандык баш ийбөөнү колдонууга чакырган. Ганди мамлекетти зордук-зомбулуктун биримдигинин формасы деп эсептейт. Бирок адамзаттын азыркы доорунда мамлекет зарыл экендигин танган эмес. Гандинин ою боюнча күч колдонбогон мамлекет кичинекей, өзүн-өзү башкаруучу жана камсыз кылуучу, айылдык коммуналар сыяктуу болуп, анда моралдык жана социалдык мажбурлоо бар, чечимдерди көпчүлүк кабыл алат. Бирок жеке адам же азчылык да өзүлөрүнүн аң-сезимине туура келбеген аракеттерди жасабай, жарандык баш ийбөө жолу менен саясатка карты ачык күрөшө алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8