Гегелчилик

Википедия дан

ГегелчиликГегелдин окуусун жана идеяларын өнүктүрүп, тереңдеткен философиялык агым.

Германиядагы Гегелдин мектеби теисттик оң канат улуу гегелчилер (Гешель, Дауб, Гинрихс, Габлер ж. б.) жана радикалдык сол канат, жаш гегелчилер (Руге, Бруно Бауэр, Фейербах, Штраус ж. б.) болуп ажыраган. Консервативдик улуу гегелчилердин өкүлдөрү 19-кылымдын 30–40-жылдарында Гегелдин окуусун диндик-христиандык интерпретациялап, акыл менен диндик ишенимдин синтези принцибин жактоого аракет кылышкан. Кийинчерээк радикалдык жаш гегелчилерге каршы өз окууларын улантышкан. Гегелчиликтин тарыхында 1838-жылы жаш гегелчилер тарабынан уюштурулган жылына бир жолу басылып чыга турган илим жана искусство маселелерин талдаган жыйнактар чоң таасир берген. 1843-жылы бул жыйнакка тыюу салынган.

Жаш гегелчилер Гегелдин философиясын интерпретациялап, христиан динин сындашкан. Алгач Д. Штраус өзүнүн «Иисустун өмүрү» (1835) деген китебинде евангелиенин догматтарын сындап, Бауэр динди коомдук аң-сезимдин жалган формасы катары караган. Оң жана сол канаттын эки арасындагы позицияны Розенкрантц, Эрдман ж. б. ээлешкен. Маркс менен Энгельс Гегелдин диалектикалык методун өздөрүнүн тарыхты материалисттик түшүнүүсүнүн негизине тургузушкан.

Гегелчилик Францияда, Англияда, Италияда, АКШда, Оруссияда, Голландияда жана Скандинавия элдеринде кеңири тараган. Немис ойчулдарынын бири дагы башка улуттарга ушунчалык көп таасир берген эмес.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]