Гематология илимий борбору

Википедия дан

Гематология илимий борбору КРдин саламаттык сактоо министрлигинин гемотология, кемикти трансплантациялоо жана радиациялык медицина боюнча илимий, дарылоо жана окутуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. 1997-ж. уюшулган. Анын гематология, реанимация жана интенсивдүү терапия, радиациялык медицина, бийиктоо гематологиясы, кемикти трансплантациялоо бөлүмдөрү бар. Андан тышкары амбулаториялык диагноздоо, лабороториялык диагноздоо, трансфизиология, физиотерапия жана башка кошумча бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле клиникалык гематология жана электрондук микроскопия, биохимия жана гемостаз, иммунология, цитозихимия, цитогенетика жана башка илимий лаборлары бар. Борбордо КР УИАнын 1 корр. мүчөсү, 5 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты эмгектенишет (2007). Адабият: Раиымжанов А. Р. Апластическая анемия и горный климат. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]