Геоакустика

Википедия дан

Геоакустика - (гр. гео... жана акустика) — акустиканын жер кыртышында пайда болгон үндүн, инфраүндүн жана ультраүндүн таралышын изилдөөчү бөлүмү. Геоакустикага жер кыртышынын үстүңкү катмарынын түзүлүшүн жана касиетин серпилгич толкундардын жардамы менен изилдөө (акустикалык, сейсмдик чалгындоо, ультраүн жаңырыгы менен аныктоо) да кирет. Геоакустиканын ыкмалары ультраүндү практикалык максатта колдонуудан келип чыккан. Жогорку жыштыктагы ультра үн (20 кГц жана андан жогору) жер кыртышында көбүрөөк жутулгандыктан, ал аркылуу бир нече м тереңдикке чейинки жаткан тектер гана изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]