Геология

Wikipedia дан

Геология - жер кыртышы жана Жердин андан терең жаткан катмарлары жөнүндөгү илимдердин комплекси; ууз мааниде, жер кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашышы жөнүндөгү илим. Геологиялык изилдөөлөр негизинен тоо тектерге, минералдарга, кендерге, геологиялык кубулуштарга жер бетинен түздөн-түз байкоо жүргүзүү методу аркылуу ишке ашат. Белгилүү аймактын геологиялык жактан изилдениши андагы көрүнөө жаткан тоо тектерди аныктоо, салыштыруу, алардан пробалар алып, лабораториялык анализдер жүргүзүүдөн башталат.

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде