Геометриялык акустика

Википедия дан

Геометриялык акустика – үн нурлары үн энергиясын бойлото таралган сызыктар деген көзкараштын негизинде үндүн таралуу закондорун үйрөтүүчү акустиканын бөлүмү.

Геометриялык акустика чексиз кичине толкун узундугуна өтүүдөгү толкун акустикасынын чектик учуру. Ошондуктан Геометриялык акустиканын ыкмалары жакындаштырылган болот жана канчалык толкун узундугу кичине болсо, ошончолук чындыкты тагыраак чагылдырат. Геометриялык акустиканын негизги милдети үн нурунун траекториясын аныктоо. Чөйрө бир тектүү болгондо анда таралган үн нурларынын түрү жөнөкөй жана түз сызыктар болот. Негизинен Геометриялык акустикада геометриялык оптиканын эле закондору (мис., толкундардын чагылуу жана сынуу закону) жана теңдемелери орун алат.

Геометриялык акустиканын ыкмалары акустиканын ар түрдүү аймактарында, мис., архитектуралык акустикада, үндү фокустоочу системаларды эсептегенде колдонулат. Геометриялык акустиканын закондорунун негизинде үндүн бир тектүү эмес чөйрөлөрдө (мис., деңизде, атмосферада) таралуусунун жакындаштырылган теориясын түзүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]