Герасимов, Михаил Кузьмич

Википедия дан

Герасимов, Михаил Кузьмич (20. 10. 1920-ж. т., Алтай крайы, Ребриха районуу, Ребриха кыш. - 1993) — Даңк орденинин толук кавалери.

1940-жылдан Сов. Армияда. 1941-ж. августтан Улуу Ата Мек. согушта болуп, Великие Лукинин жанындагы салгылашка катышкан. 1942-ж. аба аткычтар курсун бүтүрүп, Калинин, Воронеж, 1- жана 2-Украина фронтторунда салгылашкан.

226 жолу күжүрмөн учуш жасап, душмандын 5 самолетун өзү атып түшүргөн. Даңк орденинин ал­тын жылдызына 1946-ж. 15-майда татыктуу болгон. Кызыл Жылдыз, 2- дараж. Ата Мекендик Согуш жана Кы­зыл Туу ордендери менен да сыйлан­ган.

Герасимов 1965-жылдан Фрунзе шаарында жашап, Кыргыз ССР автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министерствосунун системасында шофер болуп эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.