Герметизм

Wikipedia дан

Герметизмэлинизм жана акыркы антикалык доордогу диний-философиялык агым.

Көптөгөн чыгармалар грек, латын, армян тилинде Гермес үч жолку улуу деген кудайдын атынан жазылып, дүйнөнүн бардык сыры ачылган. Астрология, алхимия, магия боюнча трактаттарды камтыган «популярдуу Герметизм» (3-к. б.з.ч.) жана диний-философиялык мүнөздөгү «илимпоз Герметизм» (2–3 к.) ичине кирген трактаттар. Мында карама-каршы оптимисттик-пантеисттик (5–8–9-к. к.) жана пессимисттик-гностикалык (1, 4, 6, 7, 13 трактаттар) тенденциялар камтылган.

Герметизм негизинен эллинисттик доордун диний синкретизминин типтүү натыйжасы жана гректик, чыгыштык салттардын синтези болуп саналат. Ал гностицизмге жакын. Герметизм неолатонизмдин даярдалышына түрткү болуп, орто кылымдын, айрыкча кайра жаралуу доорунун маданиятына чоң таасир берген.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8