Гидравликалык турбина

Википедия дан

Гидравликалык турбина, гидротурбина, суу барасы – калагы суюктук көбүнчө дарыя агымынын күчү менен айлануучу машина. Гидравликалык турбина иштөө принциби боюнча активдүү (эркин агымдуу) жана реактивдүү (басым агымдуу), конструкциясы боюнча тик жана горизонталдуу болуп айрымаланат. Ири гидравликалык турбинанын жумушчу дөңгөлөгүнүн диаметри 10 мге жетип, кубаттуулугу 500 МВттан жогору болот. Активдүү гидравликалык турбинанын ичинен сузгучтуу турбина кеңири таралган. Реактивдүү гидравликалык турбина агымынын багыты боюнча октук жана радиалдык октук болуп бөлүнөт. Бир жолу жөнгө салынуучу реактивдүү гидротурбинага калагы бурулуучу багыттоочу аппараттуу турбина кирет. Эки жолу жөнгө салынуучу гидравликалык турбинада багыттоочу аппаратта жана жумушчу дөңгөлөктө бурулуучу калактар жайгашкан. Гидравликалык турбина негизинен ГЭСтерде электр генераторлорун кыймылга келтирүү үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]