Гипертрофия

Wikipedia дан
Нормалдуу клеткалар (А), гипертрофия (B), гиперплазия (C) жана комбинация (D).

Гипертрофия (байыркы грек. ὑπερ- — «эң эле» жана τροφή — «тамак, оокат») — дененин айрым бөлүгүнүн же органынын чоңоюшу. Гипертрофия органдын клетка жана ткандарынын чоңоюшунан же алардын саны көбөйүшүнөн болот. Чыныгы жана жалган гипертрофия болуп айырмаланат.

Чыныгы гипертрофия ошол органдын функциясынын күчөшүнөн, ошондой эле нерв же эндокрин системасынын жөнгө салуучу таасиринин бузулушунан болот. Жумушчу гипертрофия же физиологиялык гипертрофия дени соо, күч эмгеги менен иштегендерде, спортсмендерде (мисалы: атлеттердин булчуңунун гипертрофиясы), ошондой эле кандайдыр бир органдын бөлүгү жабыркаганда (мисалы: жүрөк кемтигинде) же жуп органдын бирөө бузулганда (мисалы: бөйрөктүн гипертрофиясы) болот. Жумушчу гипертрофиянын бардыгында бузулган функция толукталып (компенсацияланып) турат. Нейро-эндокриндик бузулуудан болгон гипертрофияга акромегалия, гинекомастия кирет, бул учурда ошол орган же ткандын функциясы бузулат.

Жалган гипертрофия ткань аралык заттын, көбүнчө май тканынын өтө көбөйүшүндө, өсүшүндө, паренхиманын атрофиясында болуп, демейде бул органдын функциясы бузулат.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8