Голография

Wikipedia дан

Голография (грекче holos – бүткүл, толук жана grapho – жазам) – лазерден, жарык булагынан алынган когеренттик оптикалык нурдануунун толкун фронтторун кайра түзүү менен көлөмдүү объектти так жаздырып алып, аны кайра калыбына келтирүүнүн техникалык ыкмасы. Сүрөттүк Г-да көркөм сүрөт искусствосунун кайталангыс баалуу чыгармаларын көлөмдүү регистрациялоо кеңири тараган: объектти голографиялык сүрөттөө ушунчалык реалдуу жана көлөмдүү болгондуктан байкоочу жөн эле сүрөттөлүштү чыныгы түп нускадан ажырата албай калат. Сүрөттөлүштү жазуу керектүү экспозицияда лазер жарыгы (спектрдин көзгө көрүнгөн бөлүгүндө) менен жүргүзүлөт. Лазер жарыгы фотопластинканы жарык кылат жана андан өтүп анын аркасында жайгашкан объектке түшөт. Фотопластинкага түшкөн жарык «таяныч толкуну» деп аталат, ал эми объектке чагылып, андан тараган жарык «сигнал толкуну» деп аталат. Фотопластинканын эмульсиялык катмарында «таяныч толкуну» менен «сигнал толкунунун» жолугушуусунан өз ара аракети болуп өтөт жана алар интерференттик картина (кара жана ачык түстөгү так менен тилкелердин татаал айкалышы) түрүндө жарык болуп түшүрүлөт. Фотопластинкада жазылып алынган жазуу голограмма деп аталат. Тартылып алынган сүрөттөлүштү кайра калыбына келтирүү үчүн голограмма, ошол эле «таяныч толкуну» менен кайрадан жарык кылынат. Жарык дифракциясынын натыйжасында голографияланган объекттен «сигнал толкуну» кайра калыбына келтирилет. Натыйжада, тике голограмманы карап турган байкоочу, жаздырып алуу жүрүп жаткан мезгилде кайсы жерде турса, мейкиндиктин ошол жеринде объекттин жалган көп хромдуу сүрөттөлүшүн көрөт. Зарыл болгон учурда сүрөттөлүш негизги түстөрдүн үч булагы аркылуу түстүү боло алат. Г. музей жана көргөзмө экспозицияларында өзгөчө баалуу предметтердин ордуна колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]