Гомоген реактору

Википедия дан

Гомоген реактору - (грекче homogenеs – бир түрдүү) – активдүү зонасы ядролук отун менен басаңдаткычтын гомогендик аралашмасынан турган ядролук реактор. Аралашма ядролук отун менен басаңдаткычтын суюк эритмеси же нейтрондордун эркин жүрүү узундугуна салыштырганда жетишерлик кичине өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдүн суспензиясы болушу мүмкүн. Гомоген реактордун өзгөчөлүгү жылуулук чыгаруучу элементтери жок болот, кайра өндүрүү үчүн ядролук отун менен сырьё (уран, торий, плутоний), кадимки же оор суудагы туз эритмеси, катуу басаңдаткычта өтө майдаланган түрдө (мисалы, графитте) реактордун активдүү зонасында жайгашышы мүмкүн. Гомоген реактордун газ түрүндөгү отун (мисалы, урандын газ абалындагы бирикмеси, газдагы урандын чаңы) менен иштөөчү түрү бар. Гомоген реактор технологиялык жана конструкциялык кыйынчылыктардын натыйжасында кеңири колдонууга ээ болгон жок, ошондуктан эксперименттик гана максатта колдонулууда. Азыркы учурда гомоген реакторду өнөр жай өндүрүшүндө жылуулук булагы катары пайдаланган айрым долбоорлор гана белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]