Грамматика

Википедия дан

Грамматика - (б.-грек. γραμματική, γράμμα сөздөн — тамга, жазуу деген сөзүнөн алынган) – сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн түзүлүш жана өзгөрүш эрежелерин изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү, же окуу предмети.

Грамматика сөз формаларынын жасалыш жана колдонулуш закон ченемин изилдейт. Грамматика тилдин морфология жана синтаксис деп аталган бөлүктөрүнүн мазмунун камтып, сөздөрдүн ички түзүлүш өзгөчөлүктөрүн жана алардын сүйлөмдөргө биригиш закондорун үйрөтөт. Орус тилинин биринчи грамматикасын 1755-ж. М. В. Ломоносов түзгөн. Түрк тилдериннин биринчи грамматикасы («Грамматика татарского языка», СПБ, 1801) Иосиф Гиганов тарабынан түзүлүп 1802-ж. жарыкка чыккан. Кыргыз тилинин алгачкы грамматикасы 1934-ж. («Кыргыз тилинин морфологиясы», 5- жана 6-класстар үчүн), синтаксиси 1936-жылы (Кыргыз тилинин синтаксиси: 6–7–8-класстар үчүн) К. Тыныстанов тарабынан түзүлгөн. Грамматикалык түшүнүктөр ар түрдүү баяндоосуна ылайык сыпаттама, салыштырма, тарыхый жана башка болуп бөлүнөт.

Максаты, милдети, изилдөөлөрдү камтуу обөектиси жана жазылыш стили боюнча грамматиканын бири-биринен айырмаланган бир нече түрлөрү бар.

1. Нормативдик грамматика тигил же бул тилдин түзүлүшүн, андагы илимий жактан толук далилденген талашсыз эрежелерди өз ичине камтыган грамматика болуп эсептелет. Буга мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларга арналган грамматикалар кирет. Мындай грамматикалар өкүмөт тарабынан бекитилген атайын программалардын негизинде жазылат.

Нормативдик грамматикалардын алда канча өркүндөтүлүп, тилдин түзүлүшүн терең иликтеп, бардык маселелерин камтыган, атайын тематикалык, ысымдык, терминдик ж.б. көрсөткүчтөр менен жабдылган басылмасы академиялык грамматика деп аталат. Кыргыз тилинде мындай грамматика али жарала элек.

2. Илимий грамматикада тилдин түзүлүшүндөгү тигил же бул кубулуштар ар тараптуу илимий көз караштардын негизинде тереңдетилип, ар кандай талаш-тартыш маселелери менен кошо берилет. Илимий иликтөөлөрдүн мүнөзүнө жараша ал тарыхый грамматика жана сыпаттама грамматика деп экиге бөлүнөт.

Тарыхый грамматика (диахрондук грамматика деп да аталат) тилдин грамматикалык түзүлүшүн тарыхый өсүп-өнүгүш процессинде териштирет. Азырынча кыргыз тилинин мындай мазмундагы грамматикасы жарала элек.

Сыпаттама грамматика (дескриптивдик грамматика деп да аталат) тилдин түзүлүшүндөгү ар түрдүү кубулуштардын бардыгын азыркы учурдун гана көз карашынан туруп баштан-аяк иликтеп чыгат.

3. Салыштырма грамматика тектеш тилдердин грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылыктар менен айырмачылыктарды аныктоо максатын көздөп, өз ара салыштырууларды жүргүзөт. Мунун байыркы жазма эстеликтердин материалдарын пайдалануу менен иликтөөлөрдү жүргүзгөн салыштырма-тарыхый грамматика деген өзгөчө түрү да бар.

Салыштырма грамматиканын өзгөчө түрү болуп тектеш эмес тилдердин материалдарын салыштырып изилдеген грамматика эсептелет. Мындай грамматика типологиялык жана генетикалык жактан ар башка топторго жаткан тилдердин грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылык жана айырмачылыктарды иликтеп, жалпы тил илиминдеги айрым теориялык маселелердин чечилишин көздөйт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,