Грануляция

Википедия дан

ГрануляцияКүн фотосферасынын телескоптон көрүнгөн бүртүктүү структурасы.

Ал тыгыз жайгашкан көп сандагы гранулдардан турат. Гранулдардын диаметри 500 – 1000 км келип, ар бири өзүнчө обочолонуп, Күндүн дискасын бүт каптап калат.
Айрым гранулдар адегенде пайда болуп, бара-бара чоңоёт да, кайра 5 – 10 мүнөттө тарап кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов